Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:25

Прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди алты жылга кесүүнү сурады


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароо уланды. Сотто прокурор блогерди күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки жараян 11-апрелде болот.

“Эч кандай кылмыштын курамы жок. Ырыс Жекшеналиев “бийликти басып алалы же жапырт башаламандык кылалы” деген эмес да. Бир да далил жок. Кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу деп, коюлган айыпты алыш керек”, - деди адвокат Кантемир Турдалиев.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда активистти үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG